Бишкекте адам өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-октябрь күнү саат 12:30 чамасында Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 1972-жылы туулган Б.У. аттуу жарандын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында маркумдун муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштеринин негизинде шектүү катары 1986-жылы туулган А.Ш. кармалган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн буга чейин да адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөнү белгилүү болгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.