Япониянын Йокогама шаарында жол кырсыгы катталып, 12 окуучу жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 28-октябрда таңга маал болгон. Жеңил унаа жүк ташуучу унаа жана автобус менен сүзүшүп, жол жээгине чыгып, мектепке бара жаткан окуучуларды сүзгөн. 12 окуучу ооруканага жеткирилип, алардын бирөөсү оор абалда.
"Мектеп кырсык болгон жерден 500 метр алыс аралыкта жайгашкан. Учурда полиция кызматкерлери кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтеп жатышат", - деп жазылат маалыматта.