Ысык-Көл районунда 19 жаштагы кызды бычактаганга шектелип аталган райондун 24 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 27-октябрда Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгына Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында 20-25 жаштардагы кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ысык-Көл РИИБинин кызматкерлери аталган жердеги үйлөрдүн биринин алдынан Ысык-Көл районунун 1997-жылы туулган А. кызы А. аттуу тургунунун жансыз денесин табышкан. Анын башында жана бетинде бычактан алган жаракаттар болгон. Ошондой эле кыздын жанынан бычак табышкан.
"Кыздын жансыз денеси Чолпон-Атанын шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында анын денесине 11 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган. Анын экөөсү жүрөк тушуна сайылган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Ысык-Көл районунун 24 жаштагы К. уулу К. аттуу тургуну кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон кыз Чолпон-Атада мугалим болуп эмгектенип, кылмышка шектүүнүн тууганына сабак берчү. Кыз жумушуна баратканда, шектүү аны сейилдеп келүүгө чакырган. Ал каршылык көрсөткөндүктөн, кылмышка шектүү аны 11 жолу бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Ошол эле күнү кечинде милиция кызматкерлери аны үйүнөн кармап кетишкен. Кылмышка шектүү жаран буга чейин сотто "бейбаштык" беренеси боюнча 2 жолу жоопко тартылгандыгы аныкталды", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев.