ЖЫЛНААМА, 28-ОКТЯБРЬ: 1995-жылы Азербайжанда эң чоң метро кырсыгы болуп, 289 адам көз жумган

Мындан 21 жыл мурда Азербайжандын борбору Баку шаарындагы метродо чоң кырсык катталып, 286 жүргүнчү жана 3 куткаруучу каза болгон. 270 адам жаракат алып, анын ичинен 69 адам ооруканага жеткирилип, 13ү оор абалда болгон. Бул окуя метродогу эң ири катастрофа катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

Аталган кырсыкты иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы жана Азербайжандын вице-премьер-министри кырсык эскирип калган тетиктен улам келип чыкканын билдирген.

Башка булактардын маалыматына караганда, вагондордун биринин кыймылдаткычы күйүп кеткенде машинист өзүн жоготуп, поездди тар тоннелден токтотуп койгон. "Улдуз" жана "Нариманов" станцияларынын ортосунда жайгашкан тоннелдин бийиктиги 5,6 метр, кенендиги 5 метрди түзгөн. Поезд токтогон учурда тоннель түтүнгө толуп кеткен. Шамалдатуунун күчү жана тоннелдин жарыгы аз болгондуктан, жүргүнчүлөргө дем жетпей же тебеленип каза болушкан. Алардын көпчүлүгү айнек эшиктерди жана терезелерди сындырып чыгып жатып жаракат алышкан.

28-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chon.alai.
2016-10-28 18:50:48
ажалын жетсе каерде болсонда качып кутула албайсын
+2
tursunbaev78
2016-10-28 21:06:56
Ташкентте,Алма-Атада,Бакуда жада калса Ереванда(бир линия болсо да)метро курулган союз мезгилинде,жана башка коптогон ишканалар курулган,а биздин атка минерлер ошол кезде деле бийлик талашып,мамлекетке пайдалуу бир нерсе курушкан эмес,болгонун дагы эгемендуулукту алгандан кийин талап тоноп жок кылдык.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан