16 жаштагы мектеп окуучусунун студент кыздар тарабынан сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

16 жаштагы мектеп окуучусунун төрт студент кыз тарабынан сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуяга тиешеси бар делген Э.А., Э.М., А.А., Ш.М. суракка алынды. Анда Э.А. 16 жаштагы И.Дны байкабай бетке бир жолу чаап алганын айтты. Учурда “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп билдирди Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев.

Буга чейин интернет колдонуучу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырып, 16 жаштагы мектеп окуучусун 20-21 жаштардагы Алтынай, Мээрим, Айгерим, Малика аттуу студент кыздар сабап салышканын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
AIZAD
2016-10-28 19:06:38
Байкабай бетке чаап алганы укмуш экен го. Тобо!!!
+7
abdillaevna-96
2016-10-28 19:17:57
Э.А,Э.М деbей эле толук жазса bолbойbу?
+7
nur_zhoni
2016-10-28 19:59:28
Аябай сулуу татынакай ширин кыз экен
+2
nurik838383
2016-10-28 20:37:11
Толук аты жонун жазсанар факт менен минтип билдируу баарынын эле колунан келет
+5
Revolyutsiya
2016-10-28 22:00:55
Бейбаштык беренеси менен ачкан кылмыш иши эртен далил жетишсиздиги ж.б.себептер менен жабылып, тиги 4 байдын кызы акталып чыгат экен да, болбосо коп болсо эскертуу берилет. Кыскасы кылы кыйшайбайт. Тиги чон кызматтагы "папочкалары" турганда... Болбосо ошол "улгулуу" "папочкаларын" кызматтан алып, бул 4 кызга адам уурдоо жана денеге залал келтируу боюнча кылмыш ачып адилет териштирип тиги 4 кызды абакка кесип салышса болмок адилеттуулук орун алсын дешсе..
+10
chon.alai.
2016-10-29 16:06:03
туура айтасын кылы эмес жуну кыйшайбайтго
0
Atas
2016-10-28 23:24:57
Кыздар 15 жаштан баштап эле бузула баштайт, кообу ата - энесине билинбегенге аракет кылышат, сүрөтүнөн эле көрүнүп турат кандай аял экенин
0
narbek
2016-10-29 00:26:39
Куноолу болсо жазалаб куртун тушуруб койбойбу мындай шумдуктууларды атасы бай атасы чон болсо да .
+5
Ern
2016-10-31 01:08:32
Бул жаман иштин болушуна 4кыз жана жабырлануучу да куноолуу. Мурда булардын ортосунда кандайдыр пикир келишпестик болгон. Булар эмне себептен окуучу кызды урушту. СУПЕР-ИНФО бул тууралуу да маалымат берсенер жакшы болмок.
-1
Revolyutsiya
2016-10-31 01:23:23
Ern, маалымат жазылган, уруштун себеби жигит талашуу болгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан