Тогуз-Торо районунда "мончого кеткен боюнча дайынсыз" делген жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
“23-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Казарман айылынын тургуну Кошой Молдобаевдин үйүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан 1979-жылы туулган Илхом Жумабаев жана 1976-жылы туулган Надыр Тиллебаев аттуу жарандар "мончого барабыз" деп чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес. Эртеси саат 13:20 чамасында Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда Илхом Жумабаевдин катуу сууктун кесепетинен тоңуп калган жансыз денеси табылган. Ал эми анын жанындагы шеригинин жансыз денеси бүгүн саат 10:45те табылды”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.