ЖЫЛНААМА, 31-ОКТЯБРЬ: 1984-жылы Индиянын саясий ишмери Индира Ганди өлтүрүлгөн

Индира Ганди 1917-жылы 19-ноябрда төрөлгөн. Ал Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлал Нерунун жалгыз кызы болгон. Алардын үй-бүлөсү Индиядагы жогорку каста болгон брахмандарга кирчү. Атасы Индия элинин эркиндиги үчүн күрөшүп, элинин арасында Махатма Гандинин ишин улантуучу катары таанылган. Атасы Жавахарлал Неру каза болгондон кийин Индира анын ишин улантууну туура көргөн. Атасынын өлүмүнөн кийин ал баш-оту менен саясатка кирип, тез эле парламенттин депутаты болгонго жетишкен. Ал жылдары Индия менен Пакистандын ортосундагы согуш күчөп турган. Мамлекетти курч кырдаалдан чыгаруу үчүн Ганди ал кездеги чоң держава болгон СССР менен мамилени чыңдоого зор салым кошот. Мыкты жүргүзүлгөн саясат менен согушту басып, өзү бийлик кылган жылдары элинин турмушун оңдой алган.

Бирок 1975-жылы Индиянын Жогорку Соту Индира Гандини “мыйзам жолун бузуп, шайлоо учурунда көз боёмочулукка барган” деп күнөөлөп, каршылаштары премьер-министрликке талапкерлигин алуусун талап кылышкан. Өзүнүн күчүнө ишенген Ганди 1977-жылы партиясы менен парламентке талапкерлигин коюп, бирок жеңилип калган. Ал эми 1980-жылы парламентке шайланып, андан кийин премьер-министр болгон.

Индиянын саясий ишмери Индира Гандини 1984-жылдын 31-октябрында өзүнүн жан сакчысы атып өлтүргөн. Анын өлүмүнөн кийин уулу Раджив жолун жолдоп саясатка аралашкан, бирок 1991-жылы ал дагы киши колдуу болуп көз жумган. Экөөнүн баштаган ишин келини Соня Ганди улантып, ал 2004-жылы парламентке депутат болуп шайланган.

31-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан