Алай районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Гүлчө-Дароот-Коргон унаа жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 2016-жылдын 21-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында аталган жолдун 187-чакырымында болгон. Анда 1987-жылы туулган Б.Замирбек Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги жүргүнчү 1987-жылы туулган Майрамбек Нажинов каза болгон.

Тиешелүү соттук-медициналык жана автотехникалык экспертиза жүргөн. Анын жыйынтыгында “жол коопсуздук эрежесин сактабастан, адам өлүмүнө жол берүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Мындан улам 27-октябрда айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, - деди Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.

Айта кетсек, буга чейин маркумдун жакындары жол кырсыгы атайылап жасалганын айтып чыгышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gensek
2016-10-31 15:46:04
супер инфо майрамбекти сабап олтургон балдар ушуну иликтоонуздорду суранат елем кадамжай районуна келип репортаж тартып кетсениздер аялы курсагындагы егиз баласы жаны еки баласы мн жесир калып отурат акыйкаттыкты орнотуунуздарды суранат елем
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан