Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, улгайган аял түтүнгө ууланып каза тапты

Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, улгайган аял түтүнгө ууланып каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү борбордогу Виноградная көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде орун алган. Анда бөлмөнүн 1 чарчы метр жыгач полу, жыгач сандык күйгөн, өрт болгон жерден 1928-жылы туулган А.Рахия аттуу үй ээси түтүнгө ууланып каза тапкан. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2016-10-31 11:21:59
88де экен да чыкканга жетишкен жок болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан