Чүй облусунда унаа уурдоого шектелип 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды

Чүй облусунда унаа уурдоого шектелип 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-октябрь күнү милицияга арыз менен Токмок шаарынын 49 жаштагы К.К. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жаран түнкү саат 02:30 чамасында Мазда 323 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Ш.Т. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан