Бишкекте эки кызы менен кетип бараткан келинди сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу дале табыла элек

Бишкекте мындан 1 ай 10 күн мурун жолдо эки кызы менен кетип бараткан келинди сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочуну издөө иштери натыйжасыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

"Кылмышка шектүү Рустам Жалилов табыла элек. Кылмышка шектүү жаран тууралуу эч кандай маалымат жана илинчектер да жок болууда. Учурда аны издөө иштери Казакстандын аймагында улантылууда", - деди Бугубаев.

Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 17:30 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас башкарган Р.Жалилов аттуу айдоочу жолдо эки баласы менен кетип бараткан 23 жаштагы келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Оор жаракаттарды алган жаш эне ооруканага жетпей каза тапкан. Ал эми кылмышка шектүү май куюучу жайды сүзгөн соң ал жерден да кетип, 22-сентябрга караган түнү Казакстанга өтүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
chon.alai.
2016-10-31 15:01:59
табылбайт эми ал
издеген бироо болбосо
+3
leilek_suluktu
2016-10-31 15:10:43
Бул ото бай акчасы коп экен.милициялардын оозун акча менен жаап салган.
+3
Revolyutsiya
2016-10-31 15:35:18
Казахстан же Россияда из жашырып журот да. Качан бул жак тынчып "сатылма" прокурор, соттор кылмыш ишин жапканда же 5 жыл отуп кылмыштын "срок годности" буткондо кайтат.

Менин тушунбогонум эмнеге аны койо берген АЗС кызматкерлери менен, кылмышкерди качырууга оболго тузгон анын ата-энесине кылмыш иши козголбоду?! Кылмышкердин ата-энеси камалса кылмышкер озу басып келет. Акчалуу деп качанга чейин кылмышкерлер жазасыз журо бериши керек?!!
+6
nzamir
2016-11-01 13:34:31
Revolyutsiya, Буларды эч ким жоопко тарталбады. курддар өтө эле көөп кетишиптир. келинибизди жерге берүү зыйнаты убагында кымбат баалуу машиналары менен жолго чыгып алышып оюн уюштурушкан, шылдындашып.
0
Sezim.A
2016-10-31 18:15:25
Озбек же тажик окшойт ХХХ ,демекчимин кыргызга окшобойт го
0
admin_portal
2016-11-01 12:43:38
Sezim.A, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
0
Alixan-Nookat.2015
2016-10-31 20:08:04
Унутуп калышса керек издөөнү журналисттер сураса издеп жатабыз деп
+1
nzamir
2016-11-01 13:26:14
бул адам курд. өлгөн келин биздин келинибиз болчу, эки кызы аман калды ошогода шугүр. Бул карматпай качып кеткен. кармасада бекер, тирилтип бермек беле
0
abdyrashid
2016-11-01 19:20:55
Курт болсо эмне кудайбекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан