Кыргыз мамлекетинин чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жараны кармалды

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Ош облусунун Араван районундагы Киркедон аймагында чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Өзбекстан Республикасынын жаранын кармашкан.

"17 жаштагы С.Р. аттуу Өзбекстандын жараны чек арадан 300 метр аралыкка чейин Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирип барган. Анын жанында ким экендигин аныктаган документтери жок болгон. Сурак учурунда кармалган жаран мамлекеттик чек араны эмне үчүн кесип өткөнүн түшүндүрүп бере алган эмес. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
chon.alai.
2016-10-31 16:31:54
бул озбек туугандар тынчыбадыгочо.
чык арада тикен зым тартылса кесип отобу? эки мамлекеттен лох экен ортого зым тартып койушбайбы
0
Azizbek.kg8
2016-10-31 16:41:37
chon.alai.,тууганым Араван районунда өзбекстан 24гектар жерди биздики деп чек ара зымдарын озудоруле тартып алышкан Кыргызстандыктар эч демке кыла алышкан эмес жергиликтүү тургундар ал жерлерди канча кылымдан бери ата бабалары иштетип келе жатканын айтып сыздап кала беришкен .Биздин тарап бир козголуп кайра тынчып кетиши ошону менен 24гектар жер өзбекстанга өтүп кеткен.
0
chon.alai.
2016-10-31 17:53:35
Azizbek.kg8,ошол жеоде жашаган силер [moderated]ашып кеткенсинер да мындайча айтканда ХХХ .ар бир атуул чек араны мекенди коргоого милдеттуу.
0
admin_portal
2016-11-01 12:44:48
chon.alai., этика нормаларын сактаңыз!
0
UlukmanKalyev
2016-10-31 16:45:17
Талкуу жабык экен. Ринат Самудинов эркек экен молодец.
0
Jyzia
2016-10-31 17:43:22
кыргыздар ал баланы жон эле кармап сурака алыптыр а озбектердин чек арасына откондорду сразу эле олтуро атышат
+1
xnurgul_gul
2016-10-31 21:00:35
Узбекистан да болондо даже соогу келбпйт болчу мындай айтаанда биздин эшек минеерлер малсынар
+1
xnurgul_gul
2016-10-31 21:01:15
Бан кылсанар кыла бергиле ошоларды козомолдоп тартипти кучотушпойбу
0
palina
2016-10-31 23:40:02
Өзбекстандан делегация келип кетти,менда кирип чыксам боло берет деди окшойт да бул [moderated] акем.
0
nurik903
2016-11-01 12:00:44
ээ бизде куч жок экенин билет да ошон учун каалаганын кылып жатышат
чоңдорубуз өздөрүнүн проблемалары менен урушуп талашып журушсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан