Токмок шаарында баңгизат менен 53 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-октябрь күнү саат 18:30 чамасында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринен Л.Е. аттуу жергиликтүү тургун текшерүүгө токтотулган. Тинтүү иштеринин алкагында аталган жарандын шымынын чөнтөгүнөн баңгизат табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.