Бишкекте Патрулдук милициянын унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда SUPER.KG порталына жол кырсыгынын күбөсү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 16:20 чамасында Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде орун алган. Анда Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаа менен Патрулдук милициянын унаасы сүзүшкөн. Жол кырсыгы болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакырылып, окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Окуянын күбөсүнүн айтымында, Nissan Cefiro унаасынын айдоочусу жол эрежесин бузган.