"Манас" Эл аралык аэоропортунда жардыргыч зат коюлгандыгы айтылып, жүргүнчүлөр аба майданынан эвакуацияланышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда аталган аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына аэропортко жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Учурда аба майданындагы бардык адамдар эвакуацияланып, аталган маалыматты тактоо иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан.