2002-жылдын 1-ноябрында кикбоксчу Али Порсуков машыгуудан чыгып, достору менен жолукканы баратканда белгисиз адамдар атып кетишкен. Атылган үч октун бири спортчунун башына тийген. Мындан улам ал ооруканадан көз жумган. Айрымдар Али Порсуков кылмыштуу топтордун ортосундагы тирешүүнүн курмандыгы болуп калганын айтып чыгышты.
Айта кетсек, Али Порсуков 1969-жылдын 1-апрелинде Дагестан Республикасында туулган. Улуту кумык болсо да, кыргыз желегинин алдында дүйнөлүк ири мелдештерге катышып келген.
1-ноябрга карата жылнаама.