Бишкектеги батирлердин биринен улгайып калган аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 31-октябрь күнү саат 09:18 чамасында Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Чүй кең көчөсүндөгү 97-үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Анда 1920-жылы туулган аялдын жансыз денеси табылып, ал Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.