Кытайдын түштүк-батышындагы көмүр кенинде жарылуу болуп, 15 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 31-октябрда саат 11:30 чамасында Юнчуань районунда жайгашкан "Цзиньшаньгоу" көмүр кенинде болгон. Кырсык учурунда көмүр кенинин ичинде жер астында 35 адам иштеп жаткан. Алардын ичинен 2 жумушчу окуя болгондо жердин үстүнкү бетине чыгууга үлгүргөн. Курман болгондордон сырткары 18 адам дайынсыз деп эсептелүүдө. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоо иштери жана кырсыктан жабыркагандарды куткаруу-издөө операциясы жүрүп жатат.