Бишкекте уурулукка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү саат 21:30 чамасында борбордогу Серова көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине белгисиз адам кирип, тиричилик үй оокаттарын уурдап кеткен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Свердлов районунун №11-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Б.М. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.