Бүгүн, 1-ноябрда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин кароону улантты. Анда айыпталуучу менен бирге соттолгон адамдар көрсөтмө беришти. Алардын бири Мухаммедзакир Кочкаров милиция кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын, мындан улам Аскаровго каршы көрсөтмө бергенин билдирди. Ушундай эле билдирүүнү соттолуучулардын бири Фукуржан Мирзалиев дагы айтты. Ал эми жактоочу Валерьян Вахитов кыйноо фактысы боюнча ишти прокуратура текшерип, жыйынтык чыгарышы керек экенин кошумчалады. Ошондой эле окуянын дагы бир күбөсү Турдукан Аскарова суракка чакыртылган. Ал бир гана өзбек тилинде көрсөтмө берерин айткан. Соттук коллегия котормочу керек экенин билдирип, ишти кийинкиге жылдырды.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.