Кадамжай районундагы Жылкы-Камоо жайытында 2 гектар куураган чөп күйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү Майдан айыл өкмөтүнүн Пум айылынын жогору жагындагы Жылкы-Камоо жайытында аска-зоонун үстү жагы күйүп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.
“Аталган жайыт айылдан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жакка 3-ноябрь күнү эртең менен райондук токой чарбанын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 адам жөнөп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, 2 гектар куураган чөп күйгөн”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.