Жайыл районунда өрт кырсыгынан 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жайыл районуна караштуу Калинин айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Өрт чыккан үйдүн бөлмөсүнүн 14 чарчы метр жыгач полу, 1 диван жана 1 килем күйүп кеткен, ошондой эле бөлмөнүн ичинен 1964-жылы туулган Д.В. жана 1979-жылы туулган В.А. аттуу жарандардын күйгөн денелери табылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.