Сокулук районунда катталган жол кырсыгынан айдоочу жана 1 жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 18:30 чамасында Фрунзе көчөсүндө орун алган. Анда Форд Фокус үлгүсүндөгү унаа менен Вольво унаасы сүзүшкөн. Натыйжада Форд Фокус унаасынын айдоочусу жана бир жүргүнчү оор жаракаттардан улам кырсык болгон жерден каза тапкан. Ал эми дагы бир жүргүнчүсү оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми Вольво унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кетип, жүргүнчүсү оор абалда ооруканага жеткирилген.
"ӨКМнын 23-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаанын ичинде кысылып калган адамдардын сөөгүн чыгарышып, өлүкканага жеткирип беришкен. Каза болгондордун аты-жөндөрү такталууда", - деп айтылат маалыматта.