Чүйдө "кызы менен күйөө баласы өлтүргөн аялдын жансыз денесин унаасына салып барган" деген шек менен дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 13-августунда Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө 25 жаштагы Кристина аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 1970-жылы туулган Татьяна аттуу апасы дайынсыз жоголгонун кабарлап, аны издөөнү суранган. Суракта Кристина апасын акыркы жолу 11-августта көргөнүн айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аял өлтүрүлгөнү аныкталып, кылмышка шектүү катары аялдын 27 жаштагы күйөө баласы жана 25 жаштагы кызы кармалган. Алар кылмышты жашыруу үчүн маркумдун денесин Кызыл-Арык айылынын жанына көмүп салышканы да белгилүү болгон.
"Бул кылмышка катыштыгы бар деп 1992-жылы туулган С.Т. аттуу Ысык-Ата районунун тургуну кармалды. Ал каргашалуу окуя болгон түнү маркумдун денесин унаасы менен Кызыл-Арык айылына алып барган. Учурда аталган жаран да камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.