Орусияда террорчулукка шектелип кармалган Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча маалымат такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
"Окуя Орусиянын аймагында болгондуктан, учурда тергөө амалдарын тиешелүү жергиликтүү мекемелер жүргүзүүдө. Террорчулукка шектелип кармалган Кыргыз өлкөсүнүн жарандары боюнча Москвадагы ИИМдин өкүлчүлүгүнөн расмий жооп келе элек. Азырынча тактоо иштери жүрүүдө", - деп билдиришти ИИМден.
Ал эми орусиялык маалымат каражаттары кармалгандар өз мекендеринде издөөдө жүргөндөрүн жазып чыгышты. Андан сырткары кармалган 10 жарандын ичинен үчөө "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен байланышы бар экенин маалымдады.
Эскерте кетсек, террорчулукка шектелгендер 12-ноябрь күнү Санкт-Петербургдагы батирлердин биринен кармалышкан. Алар “Галерея” жана “Академпарк” соода борборлорунда жардырууну уюштурууну пландашкан. Батирдин ичинен автомат, тапанча, жардыргыч заттар табылган. Кармалгандар Кыргыз Республикасынын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары экени айтылган.