Бишкекте каракчылык, адам уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте каракчылык, адам уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө бир канча адам Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы тургунун күчтөп унаага салышып, мейманканалардын бирине алып барышкан. Ал жакта аны кыйнап, 10 миң доллар жана Тойота үлгүсүндөгү унаасын берүүсүн талап кылышкан.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргөн. Анын негизинде шектелгендердин бири кармалган. Ал буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Учурда кылмышка катыштыгы бар делген жарандар изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2016-11-14 23:01:58
Арам тамак аш болбойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан