Жумгал районунун ички чарбалык унаа жолунда жер көчкү жүрүп, унаа жолу жабылды

Жумгал районунун ички чарбалык унаа жолунда жер көчкү жүрүп, унаа жолу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айыл аймагында бүгүн саат 05:00 чамасында айылдын карамагындагы Миң-Куш-Ыраакы-Миң-Куш ички чарбалык унаа жолунун 3-4-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол жабылып калды. Учурда жер көчкүнүн көлөмү такталууда. Миң-Куш айылында 35 кожолук жашайт, айылдан 3 чакырым алыстыкта унаалардын каттоосуна кошумча жол бар. Жерине барып тактоо иштерин жүргүзүү максатында айыл аймактын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы чыгып кетишкен. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан