Орусияда өспүрүмдөр полицияга ок чыгарып, өз өмүрлөрүн кыйышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 9-класста окуган кыз менен жигит Псков облусундагы айылдардын биринде кароосуз калган мергенчинин үйүнө киришкен. Бирок алар үйгө кирүүгө аракеттенген кыздын апасына эшикти ачпай коюшкан. Мындан улам ал полиция чакырган.
"Өспүрүмдөр полициянын буйругуна баш ийбей, аларга каршы ок чыгарышкан. Ошол эле учурда бир канча жолу "Орустар багынбайт!" деп кыйкырышкан. Полиция кызматкерлери үйгө кирүүгө аракет жасашкан, бирок майнап чыккан эмес. Жыйынтыгында жигит кызды атып, андан соң өзүн өзү атып салган", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, кыз менен жигит үч күн мурун ата-энелеринен качып кетишкен.