Мындан 13 жыл мурун, 15-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы "Неве-Шалом" жана "Бейт-Исраэль" аттуу еврейлердин сыйынуучу жайларында бир убакта жардыруу болгон. Жан кечти-террорчулар жүк ташуучу унаа менен сыйынуучу жайга келип, жардыргыч заттарды иштетишкен. Кийинчерээк жүк ташуучу унаалардын ар биринде 400 килограмм салмактагы жардыргыч зат болгондугу аныкталган. Жардыруудан улам 25 адам курман болуп, 300дөн ашуун киши жаракат алган. Жардырууга жоопкерчиликти ислам мамлекетин курууга аракет кылган "Улуу Чыгыштагы ислам багынтуучуларынын фронту" уюму алган.
15-ноябрга карата жылнаама.