Орусияда турак үйдөн өрт чыгып, 5 кичинекей бала жана алардын апасы каза болду

Орусиянын Тверь облусуна караштуу айылдардын биринде турак үйдөн өрт чыгып, 5 бала жана алардын апасы каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Тверь облусуна караштуу Пеньково айылындагы үйлөрдүн биринде бүгүн, 15-ноябрга караган түнү саат 02:59 чамасында өрт чыккан. Натыйжада 32 жаштагы Артём аттуу үй ээси денесинен күйүк алып, аялы менен 5 кичинекей баласы каза тапкан.

"Өрттөн каза тапкан Радислав 1 жашка чыга элек, Тимофей 2 жашта, Снежана 3, Роман 11 жана Радион 12 жашта болчу. Өрттөн балдардын энеси да каза тапты. Каргашалуу окуя болгон түнү үйдүн ичинде 8 адам бар экен: балдар, алардын ата-энеси жана үй ээсинин бир тууган агасы. Бул адам өмүрүн алган окуяда үй ээси жана анын агасы гана өз өмүрлөрүн сактай алышкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт үйдүн жанында жайгашкан сарайдан чыккан. Натыйжада сарай, турак жай жана үйдүн жанында токтоп турган унаа толугу менен күйүп кеткен. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aquarius84
2016-11-15 18:22:05
Кыргыздар окшойт деп чочуп кетипмин.
-15
rejepova
2016-11-15 18:51:17
тообо десенер, айбан эмес адам куйуп жатат, бир уйбуло жок болду
+16
jasgul
2016-11-15 19:22:20
5 балан орттонуп эмес, бир баланын бутуна кайнак суу тогулгондо корот элем ... акмакчылык
+15
Begimkyz
2016-11-15 19:27:15
Эркектер оздоруну сактап калыптыр, эмнеге балдарына, аялына жардам бере албады экен? Жок дегенде 1-2 баласын которо чыкса болмок го.
+13
jazmina909090
2016-11-15 21:08:43
Жүрөгүм ооруп ыйлагым келип кетти.Байкуштар жандары кыйналып мерт кетишкенин ойлоп жаным ачып кетти
+9
surgeon777
2016-11-15 21:33:01
Байкуш наристелер,аларды кыйналып жарык дуйного алып келген апасы да мерт болуптур...Жайлары жаннатта болсун,бейиште бирге болушсун.
+5
Oreanda
2016-11-15 23:47:17
Кызыгы жок дегендер,жашоонор озу кызыктуубу силердин?адам омуру кыйылып жатат анын ичинде жаш балдар,жанылыкты окуп бир кайгырсам силерди окуп жаным кашайып чыкты уят
+4
tolik
2016-11-16 02:42:58
Улуту орус болсо да,жүрөгүм сыздап ооруду,
Кыздарыбыз күйүп жатканда көргөнмүн баатыр орусту.
Мен үчүн ыйык наристе кыргызбы же орусбу
Кызыгы жок дегендер көрбөсө экен тозокту.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан