Өзгөн районунда кекиликке аңчылыкка чыгышкан 3 адамга айып салынды

Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айыл аймагында кекиликке мыйзамсыз аңчылык кылган 3 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мыйзамсыз аңчылык кылгандардын жанынан каттоодон өтпөгөн куралдар табылган. Аларга атайын айып кагазы толтурулуп, инспекторлор тарабынан доо коюлган. Коюлган доо өз убагында мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын экологиялык адистери Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти мергенчилик менен алектенгендерге көзөмөл жүргүзбөй жаткандан улам аңчылар көбөйүп баратканын айтып чыкты.

Эске салсак, инспекциянын мыйзамдарына ылайык, ар бир кармалган кекиликке 1000 сом доо коюлат. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2015-жылдагы санак менен 210 миң кекилик катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Azizbek.kg8
2016-11-15 18:57:59
Туура кылышат,мыйзамды сыйлаш керек ар бир жаран.
+1
elmurat.kg
2016-11-15 19:06:26
баткенде атып эле атышатко.майданда булакка сууга тушкондо
0
Rifle_I
2016-11-15 19:44:28
elmurat.kg,сен ошолор жөнүндө маалыматты бул жакка жүктөсөн, анан атпай калышат.
0
azamat.k
2016-11-15 19:16:24
Тооба кылдым 210мин кекилкти ким барып санап келди.Кекиликти санагыдай кекилик не койбу?ал деген жапайы адамды коргондо учуп качат.Биз кун алыс эле кекилик жеп жатабыз.
+2
Keremet008
2016-11-16 01:26:18
Салам Алик дегенде бир жигит эсиме тушот
-1
Keremet008
2016-11-16 01:29:33
Азыр кекиликти атып эмне кылат десен!? Же семиз эмес илгери атышчу экен анда талаада эгин кооп буудай,дан жешип аябай жакшы болчу экен. Азыр жон эле коюш керек.
0
mergen4i
2016-11-16 05:30:00
байкуш кекиликтер...Аллах таала бул жаныбарга ушунчалык берекесин берген экен мына али да атып жешет.Кыргызстанда отчеттун баары ушуну менен гана бүтөт.Кызматка орношүү же көтөрүлүү ж.бу.с нерселердин баарына кекилик мн байланычтуу.Этинин даамдуулугунанбы айтоор кекиликти жебеген жан жок,сагызганы да,түлкүсү да,адамы да,ителги-бүркүтү да жейт
0
mirkin
2016-11-16 15:29:10
эч ким санаган эмес биз жактын озундо эле ошончо болсо керек бир эле райондо жон эле ХХХ ХХХ экологтор оздору атышатко аны Эмне аларга жокпу штаф
0
admin_portal
2016-11-16 16:46:10
mirkin, порталдын эрежелерин сактаңыз!Оозеки эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан