Чүй облусунда тургундар мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшырышты

Чүй облусунда тургундар мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Панфилов районунун 53 жаштагы С.К. аттуу тургуну өз эрки менен 28-калибрлүү ок атуучу куралын тапшырган. Ошондой эле Кемин районунун 37 жаштагы А.Т. аттуу тургуну талаадан таап алган 32-калибрлүү куралды жана Сокулук районунун 39 жаштагы М.К. аттуу жашоочусу Калашников автоматынын 10 даана огун милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан