Ошто “унаанын айнегин талкалап, ичиндеги уюлдук телефонду жана акчаны алып кеткен” деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын 9-май күнү Ош шаарынын Ленин көчөсүндө болгон.
“Бул кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Ж.М. кармалган. Ал буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Ошондой эле Ички иштер министрлиги жыл башынан бери өлкөнүн түштүк аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун 75 мүчөсү кармалганын билдирди.