1959-жылы 16-ноябрда Ан-10 үлгүсүндөгү учак Украинанын Киев шаарынан Львов шаарына учуп бараткан. Аталган учак Львов шаарындагы аэропортко конор алдында кар баскан талаага күч менен учуп келип тийип, оодарылып, күйүп кеткен. Кырсыктан улам борттогу 40 адамдын (32 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү) баары курман болгон. Кырсык учактагы техникалык кемчиликтерден улам келип чыккандыгы аныкталган. Ан-10 учагы ошол жылдын 5-июнунда колдонууга берилип, кыйраганга чейин 277 саат колдонулган.
16-ноябрга карата жылнаама.