Чехия Республикасынын жарандарын тоноо боюнча тергөө иштери уланууда

Чехия Республикасынын жарандарын тоноо боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрь күнү Бишкектеги Чүй кең көчөсү менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда өздөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырган 3 адам Чехия Республикасынын жарандарына таандык болгон 140 евро жана 50 долларды алып, из жашырып кетишкен.

"Бул тууралуу милиция кызматкерлерине Бактыгүл аттуу аял арыз жазган. Андан соң 38-40 жаштагы жаран келип, чет элдик атуулдардан кечирим сурап, 10 миң сом акча берген. Алар эч кимге доо-арызы жок экенин айтышып, 8-ноябрь күнү Стамбулга учуп кетишкен. Учурда иш боюнча тергөө амалдары уланууда", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azita
2016-11-16 18:38:52
Уят еле Бул кылганынар кыргыз боордршторум :(
+3
abusait
2016-11-17 10:05:34
Бул ош базарында эмнелер гана болбойт. Уурусу да каракчысы да сойкусу да ошол жерде. А милийсасы ушинтип тонойт элди. бул 100дон бири гана. Арыз жазбай
тонолуп кордолгону канча. Эмне кылганда качан онолобуз ким билет ай Ким билеет?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан