Сүлүктү шаарындагы шахта кызматкеринин өлүмү боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 14-ноябрь күнү “Нур” ишканасына таандык шахтада болгон. Анда 1962-жылы туулган Таштемир Кошматов аттуу кызматкер вагон менен түркүктүн ортосунда калып калган. "Жабырлануучу дароо ооруканага жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгында кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси чечилет", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.