Бишкекте "кафеде отурган аялга күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алган" деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте "кафеде отурган аялга күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы С.Б. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 15-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында белгисиз жаран борбордогу кафелердин биринен ага карата күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы Э.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2016-11-17 18:07:25
Кафенин ичинде тартып алса демек экоо жакын эле адамдар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан