Жумгалда аялын жана аны менен өбүшүп жаткан адамды бычактап өлтүргөн жаран боюнча Нарын облустук сотунун чечими күчүндө калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Жогорку Соттун соттук коллегиясы чыгарган.
Айта кетсек, окуя 2015-жылдын 1-январында болгон. Анда 1977-жылы туулган Т.Тыныстанбек 1982-жылы туулган О.Б. аттуу жубайы Миң-Куш айылынын 1990-жылы туулган тургуну К.Н. менен өбүшүп жатканын көрүп, экөөнү тең бычактап салган. Алган жараатынан улам К.Н. ооруканага жетпей каза тапса, О.Б. ооруканадан каза болгон.
Окуя болгон учурда Т.Тыныстанбектин үйүнө 1993-жылы туулган К.Жакшылык барып калып, жабырлануучулардын жерде жатканын көргөн. Тыныстанбек аны да өлтүрөм деп жулунганда бычагы жерге түшүп калган. Ошондо К.Жакшылык бычакты алып, Т.Тыныстанбекти бир нече жолу сайган.
Аталган ишти 2016-жылдын 20-майында Кочкор райондук соту карап, Т.Тыныстанбекти 15 жыл, ал эми К.Жакшылыкты 5 жылга эркинен ажыраткан. Соттун өкүмүнө Т.Тыныстанбектин жактоочусу апелляциялык тартипте даттануу келтирген. Бирок Нарын облустук соту биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.