“Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргыз Республикасынын жараны убактысы өткөн паспорт менен кармалды

“Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргыз Республикасынын жараны убактысы өткөн паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1986-жылы туулган Р.А. аттуу жаран 24-ноябрда чек арачылар тарабынан кармалган. Ал убактысы бүтүп калган паспорт менен өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көргөн.

"Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти Мамлекеттик чек ара кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Joomartbek
2016-11-27 23:04:33
Өлкөдөн чыгып кетейин дегенби, же Бишкеке жетейин дегенби? Балким байкабай калгандыр, паспортунун мөөнөтү бүткөнүн..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан