Бишкекте мурда соттолгон аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү 1965-жылы туулган Гүлнара Асылбаева буга чейин эки жолу алдамчылык боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
“Гүлнара Асылбаева 2013-жылы жазасын өтөп чыккан, бирок ал алдамчылык аракеттерин токтоткон эмес. 2016-жылы Бишкектеги Гоголь көчөсүнөн батирди ижарага алып, үй ээсине алгач 5000 сом берген. Эртеси башка адамдарга үй ээси катары батирди ижарага берип, алардан 3 айга деп 42 миң сом алып, дайынсыз жок болуп кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган. Натыйжада Гүлнара Асылбаева кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан бир канча батирдин ачкычтары табылган. Эгер сүрөттөгү аялдан жабыркагандар болсо, 0555 88-58-88, 0702 49-47-30 телефон номурлары аркылуу кабарлашса болот”, - деп билдиришти ИИМден.