ЖЫЛНААМА, 25-НОЯБРЬ: 23 жыл мурун Орусияда эки кылмыштуу топтун ортосунда атышуу болуп, 8 адам көз жумган

1993-жылы 25-ноябрда Орусиянын Рязань шаарында эки кылмыштуу топтун ортосунда атышуу болуп, 8 адам көз жумган. Бул окуя 1990-жылдардын эң кандуу бандиттик тирешүүлөрүнүн бири болуп саналат.

Рязань шаарындагы "Рязсельмаш" заводунун клубуна уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү автоматтар менен кирип барып, ал жерде отурган башка кылмыштуу топтун адамдарына ок жаадырышкан. Жыйынтыгында 8 киши каза болуп, 9 киши жаракат алган. Кылмыштуу топтордун ортосундагы келишпестик Рязань аймагын талашуудан улам келип чыккандыгы аныкталган.

25-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан