Бишкектеги жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркады

Бишкектеги жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкек шаарынын 10-кичи районунда болгон. Анда жеңил унаа менен кичи автобус сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден каза тапкан. Ошондой эле 3 адам жабыркаган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mambo-1984
2016-11-25 19:26:57
маршруткалар эч эрежени сактабай журо беришет баарын жоюп автобус жургузсо жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан