Жалал-Абад облусунда айдоочуну сабап, унаасы менен Бишкекке жол тарткандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 15-ноябрдан 16-ноябрга караган түнү Таш-Көмүр шаарында болгон. Анда Эгемберди жана Самат аттуу балдар 1982-жылы туулган Тынчтык Назаралиевдин унаасын токтотушуп, Жаңы-Курулуш тилкесине жеткирип коюшун өтүнүшкөн.
“Белгиленген жерге жеткенде алар 1994-жылы туулган К.А. аттуу кызды күчтөп унаага сала башташкан. Буга айдоочу “андайыңарды койгула, унаадан түшкүлө” деп каршылык көрсөткөн. Бирок аны сабашып, колу-бутун таңып унаанын артына салып алышкан. Тиги кызды да коркутуп, чогуу Бишкекке жол тарткан убакта Токтогул РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалышты. Учурда кылмышка шектүү катары кармалган 1989-жылы туулган Самат Шайдуллаев жана 1992-жылы туулган Эгемберди Коңкобаев тергөө абагына киргизилди”, - дейт Мыктыбек Турдубеков.