1987-жылы 28-ноябрда Түштүк Африка Республикасынын "South African Airways" авиакомпаниясына тиешелүү Боинг 747-244В учагы өрттөнүп, Инд океанына кулап түшкөн. Кырсыктан улам учактагылардын баары - 159 адам каза тапкан. Аталган учак Кытай Республикасынын Чан-Кайши аэропортунан чыгып, Түштүк Африка Республикасындагы Ян Сметс аба майданына бара жаткан.
Издөө учурунда учактын борттук өзү жазуучу каражатын рекорддук 4900 метр тереңдиктен алып чыгышкан. Бирок расмий түрдө өрттүн себеби аныкталбай, ар кандай божомолдорду туудурган.
28-ноябрга карата жылнаама.