Мамлекеттик чек араны бузган Казакстандын 3 жараны кармалды

"Токмок" чек ара бекетинин чек арачылары тарабынан Казакстандын 3 жараны кармалды. Алар "мамлекеттик чек араны бузган" деп айыпталышууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Чек ара кызматынан билдиришти.

"Казакстандын 3 жараны кыргыз-казак чек арасындагы транзиттик аймак аркылуу Кыргыз Республикасына өтүүгө аракет кылган. Алар бул аракеттерин Казакстандын аймагынан чыгууга тыюу салынганы менен түшүндүрүшкөн. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар өлкөнүн тиешелүү кызматтарына өткөрүлүп берилет", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан