Ошто кичинекей кызды башкага тиешелүү күбөлүк менен Москвага алып кетүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан бидиришти.
"Бүгүн Ош-Москва багыты боюнча №2948-рейсти каттоо учурунда чек арачылар тарабынан 1964-жылы туулган И.У. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган. Ал кичинекей кызды башкага тиешелүү туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен алып өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.