Жайыл районунда тургунду эч себепсиз сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жайыл РИИБинин кызматкерлерине Кара-Балта шаарынын 34 жаштагы В.В. аттуу тургуну кайрылып, Мал-Табар айылында белгисиз адам эч себепсиз сабаганын айткан. Бул факт боюнча “ден соолукка атайылап жеңил жаракат алып келүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн.
“Кылмышка шектүү катары Полтавка айылынын 46 жаштагы Б.З. аттуу тургуну кармалды. Учурда ал Жайыл РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.