Өткөн сутка ичинде өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Чолпон-Ата шаарында эки кабаттуу турак үйдө өрт чыгып, анын кесепетинен үйдүн 66 чарчы метр чатыры, 3 бөлмө, 10 төшөк, 4 керебет, сыналгы, жумшак эмерек, 5 терезе күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.