Стамбулдагы түнкү клубга куралдуу кол салган адам 3 күндөн бери изделүүдө. Шектүүнүн сүрөтү жарыяланганы менен, азырынча анын кайсы өлкөнүн жараны экени айтыла элек. Учурда Стамбулдун Аксарай жана Зейтинбурну райондору катуу текшерүүгө алынууда. Ал жакта Орто Азияда жайгашкан өлкөлөрдөн келгендер басымдуулук кылат.
Акыркы маалыматтар боюнча, "куралдуу кол салууга катыштыгы бар" делген 5 адам Измирден кармалды. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү болушкан.
Буга чейин айрым түрк басылмалары "шектүүнүн паспорту" деп Кыргыз Республикасынын жараны, 28 жаштагы Йахье Машраповго таандык жалпы жарандык паспорттун сүрөтүн жарыялашкан. Машрапов окуяга эч кандай тиешеси жок экенин, теракт болгон күнү Кыргыз жеринде болгонун айтып чыкты. Ал эми Түркиядагы элчилик Машраповдун укугунун бузулушу боюнча териштирүү иштерин башташканын маалымдашты.
Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна куралдуу кол салуу болуп, 39 адам каза тапкан. Ал эми 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Каза болгондордун арасында Орусиянын, Бельгиянын, Франциянын, Индиянын, Ирактын, Сауд Арабиянын жарандары да бар. Ал эми "Ислам мамлекети" террордук тобу "терактты биз уюштурдук" деп жарыялады.