Мындан 106 жыл мурун, 1911-жылы 4-январда Кеминде күчү болжол менен 10-11 баллга жеткен күчтүү жер титирөө катталып, 500гө жакын адам курман болгон. Бир канча секунданын ичинде узундугу 200 метр, кеңдиги 1 метр, тереңдиги 8 метрге жеткен жер жаракасы пайда болгон (Бишкек менен Боом капчыгайынын жолунун четиндеги жарака). Табигый кырсыктын кесепетинен курман болгондордон тышкары 740 адам жаракат алып, 1094 үй жана 4545 боз үй бузулуп, 13 миң баш мал өлгөн. Жер силкинүүнүн очогу жер бетинен 25 чакырым тереңдикте жайгашкан.
4-январга карата жылнаама.